2024-жыл 27-февраль күнү каржы-экономика факультетинин экономика багытында окуган студенттери үчүн “1С Бухгалтерияда бюджеттик мекемелерде эмгек акыны эсептөө” аталышындагы конок лекциясын ОшМУнин БжМ факультетинин доценти, э.и.к. Ташиев Ниязали Маметибраимович окуду, конок лекцияда студенттер үчүн өтө кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды камтыды.