ФАКУЛЬТЕТТИН КУРАМЫ

           

Кыргыз Республикасы,

Ош шаары, Т.Атабаева    көчөсү  20/1

моб.тел:+996 0554 009002,                                             телеграмм,+996 773754401 вотцап

Шакиев Шайдилла Орунбекович

Туулган  жылы 1963-жылдын 18- февралы
Туулган жери Кыргыз Республикасы, Ош областы, Алай району,  Гүлчө айылы
Улуту Кыргыз
Билими

 

Жогорку экономикалык билимдүү
Адистиги Финансист
Педагогикалык ишмердүүлүгү Жогорку окуу жайдагы ишмердүүлүгү 28 жылдан ашуун
Иш тажыйырбасы

 

1981-1982-жылдарда Алай райондук каржы бөлүмүнүн инспектору;

1982-1990-жылдары Ош областтык бухгалтерлер мектебинин окутуучусу;

1991-1993-жылдары Ош областтык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын алдындагы «Саламат» ассоциясынын башкы эсепчиси;

1993-1994-жылдары Республикалык технологиялык техникумдун окутуучусу;

1994-1996-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын окутуучусу, Каржы-экономика факультетинин деканынын орун басары кызматында 2001-жылга чейин эмгектенген ;

2001-2006-жылдары аталган кафедранын ага окутуучусу, андан кийин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын доценттик кызматында иштеген ;

2007-2009-жылдары  каржы-экономика  факультетинин деканынын сырттан окуу бөлүмүнүн орун басары, университеттин экономика маселелери  боюнча проректору кызматында эмгектенсе;

2010-жылы Кыргыз-Россия факультетинин «Табигый-гуманитардык сабактар» кафедрасынын башчысы;

2010-2013-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин каржы-экономика факультетинин деканы болуп эмгектенген;

2014-жылдан 2019-жылдын 27- январына чейин «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасынын башчысы, ошол эле учурда коомдук башталышта «Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун директору кызматтарында эмгектенип келген;

2019-жылдын 28-январынан факультеттин «Каржы жана башкаруу» каферасына конкурстук шайлоонун негизинде кафедра башчысы кызматына дайындалган;

2020-жылдын 10-декабрындагы декандык кызматка жарыяланган шайлоонун негизинде ушул эле жылдын 11- декабрынан баштап декандык кызматка киришти.

Сыйлыктары Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (01.10.2006-ж.), Кыргыз Республикасынын билим берүүүсүнүн мыктысы төш белгиси (20.05.2008-ж.), Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюздук кыймылынын мыктысы төш белгиси сыйлыктарынын ээси (2011-ж.)
Илимий эмгектери

 

 

 

 

 

Окуткан сабактары

 

 

 

 

 

Тилдерди билүүсү       

 

 

Электронный почта                         

40дан ашуун илимий макалалардын, 20 окуу-усулдук колдонмолордун, 3 окуу китептердин автору,  экономика илимдеринин кандидаты,кафедранын профессору. Учурда доктордук диссертациянын үстүнөн иштөөдө.

«Багытка киришүү», «Каржылык сабаттулуктун негиздери», «Документтик камсыздооонун негиздери жана башкаруу», «Жалпы республикалык салыктар», «Каржы анализи» сабактарынан лекция окуйт.

Кыргыз, орус, өзбек

shakievbru@mail.ru