«Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын тарыхы

     Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги университеттин түзүмдөрүн оптималдаштыруу чечимине ылайык окумуштуулар кеңешинин чечими менен каржы-экономика факультетинин курамындагы «Ишканалар экономикасы жана аны башкаруу», «Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ» кафедрасынын биригүүлөрү аркылуу  2013–жылдын  3-сентябрдагы № 1 протоколунун негизинде  «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасы болуп кайрадан уюшулган. Кафедраны кайрадан уюштуруу, анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн доцент К.С. Токторов ректордун 2013-жылдын 3-сентябрдагы буйругу менен кафедра башчысы болуп дайындалган. Университеттин түзүмдөрүнүн жетекчилерин конкурстук тандоо аркылуу дайындоо боюнча 2013-жылдын 4-ноябрындагы окумуштуулар кеңешинин кезексиз отурумунун №4 протоколунун негизинде 2013-жылдын 5-ноябрдагы ректордун буйругу боюнча экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ш.О. Шакиев кафедра башчысы кызматына бекитилген. 2017-2018-окуу жылында кафедранын курамы жана аталышы өзгөрүүгө дуушар болду. Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы чечимине ылайык университеттин жетекчилигинин №70- буйругуна ылайык пайда болгон жагдайларга, окуу пландарынын өзгөрүлүшүнө жана факультеттин курамына 540200 “Социалдык иштер” багыты  кошулгандыгына   байланыштуу “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынын негизинде кайрадан “Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш” кафедрасы аталышына ээ болду. 2019-жылдын январь айында кафедра башчыларын шайлоо жобосуна ылайык университеттин окумуштуулар кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгында э. и. к. Фарида Артыкбаева кафедра башчысы болуп бекитилген. 2019-жылы октябрда кафедра башчысы кызматынын милдетин аткаруучу болуп ректордун буйругу менен э.и.к. Арынова Н. дайындалган. 2021-жылдын 1-апрель айынан баштап университеттин “Миңбар башчыларынын шайлоонун тартиби тууралуу”  жобого ылайык жана окумуштуулар кеңешинин отурумунда (№7-2021-ж) өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгынын негизинде э.и.к., доцент А.Ш.Абжамилова миңбардын башчысы кызмат ордунда жигердүү иштеп жатат.