“Каржы жана башкаруу”кафедрасынын тарыхы

   Кафедра алгач “Каржы жана салык” деп аталып, 1997-1998 – окуу жылында Каржы-экономика факультетинин курамында негизделип, факультеттин деканы э.и. д., профессор Г. М. Маматурдиев жетектеген. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө э. и. к., доцент М. О. Омүрбекова, э. и. д., профессор Ж. Т. Тургунбаев, ошондой эле э. и. к., доцент А. Ш. Юсупов тарабынан чоң салым кошулду.

  1997-жылдан 2017-жылга чейин кафедраны компетенттүү жана квалификациялуу жетекчилер жетектешкен:

        1997-2000-жылдары Т. и. к., доцент о. м. Омүрбекова,

        2000-2002-жылдары Т. и. д., профессор Ж. Т. Тургунбаев,

        2003-2005-жылдары Т. и. к., доцент А. А. Абдыкеримов,

         2005-2017-жылдары Т.и. к., доцент А. Ш. Юсупов.

    “Каржы жана салык” кафедрасы 14-сентябрь 2018-жылдын “Университеттин функционалдык түзүмү жөнүндө” буйругуна ылайык кафедранын аталышы «Каржы жана башкаруу»га өзгөрдү, 2018-жылы э.и. к., доцент Ж. М. Азимов кафедраны башчысыга дайындалды, Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалганына байланыштүү кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп э. и. к., доцент Сотволдиева М. М. дайындалды.

      2019-жылдын январында э.и. к., профессор Ш. О. Шакиев кафедра башчыларын шайлоо жөнүндөгү жобого ылайык КУУнун Окумуштуулар кеңешинде өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча кафедра башчысы болуп бекитилген.

     1-жылдын 2021-апрелинен баштап университеттин “кафедра башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык жана окумуштуулар кеңешинин (7-2021-жылдар) жыйынында өткөрүлгөн шайлоонун натыйжалары боюнча э.и. к., доцент М. М. Сотволдиева кафедра башчысы кызматында иштеп жатат.

      Азыркы учурда кафедрада 7 штаттык кызматкер иштейт,алардын ичинен 2 ички айкалыштырып иштеген профессордук-окутуучулук жамаат жана 1 лаборант. Алардын ичинен 4 илимдин кандидаты 2 доцент жана 1 профессор.

   Жалпысынан кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жогорку деңгээлдеги чеберчиликтин, кесиптик даярдыктын, теориялык-практикалык билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берет.