2024-жылдын 16-мартында КӨЭАУнун каржы-экономика факультетинин деканы, профессор Шайдилла Шакиев жана кесиптик колледждин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Учкун Шамшидинов Өзбекстан Республикасынын Андижан экономика жана курулуш институтунда болушту.
Атайын чакыруу менен барган окумуштуулар экономика жана курулуш багытында окуп жаткан студенттерге “Дүйнөлүк экономика: Өзбекстан менен Кыргызстандын экономикалык, маданий байланыштары”, – деген демада конок лекция өтүп беришти.
Соңунда КӨЭАУдан барган лекторлорго Андижан экономика жана курулуш институтунун сертификаттарын тапшырышты